Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнө ПУВА «AML/KYT кызмат көрсөтүүчүсүн аныктоо жана кардарларды идентификациялоо жана AML/KYT көзөмөлүн жүргүзүү боюнча талаптарды аткарууну камсыз кылуу жөнүндө» буйруктун кабыл алынганын билдирет.
Виртуалдык активдер менен операциялардын ачык-айкындуулугун жогорулатуу, кылмыштуу кирешелерди легализациялоо жана терроризмди каржылоо тобокелдиктерин азайтуу, ошондой эле мониторингдин бирдиктүү санариптик контурун түзүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында, Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын бардык ПУВА үчүн «Ранекс» крипто-контролдоо мамлекеттик системасын AML/KYT кызматтарынын бирдиктүү жеткирүүчүсү катары аныктады.
Буйрукка ылайык:
- ПУВА кардарларды идентификациялоого жана аралыктан идентификациялоого, маалыматтарды текшерүүгө, ошондой эле “Ранекс” СКК аркылуу бардык транзакциялардын жана виртуалдык активдердин капчыктарынын милдеттүү AML/KYT текшерүүлөрүн жүргүзүүгө милдеттүү;
- ПУВА бардык транзакцияларды жана виртуалдык активдердин капчыктарын AML/KYT текшерүүсүн жүргүзүү үчүн кошумча тышкы аналитикалык чечимдерди колдонуу сунушталат;
- Бул талаптардын аткарылышын камсыз кылуу Финкөзөмөлдун транзакцияларды талдоонун улуттук бирдиктүү системасын түзүү жана ПУВА мониторингине тобокелдикке багытталган мамилени киргизүү боюнча комплекстүү ишинин бир бөлүгү болуп саналат.
Финкөзөмөл виртуалдык активдерди жөнгө салууну өркүндөтүү, AML/KYT контролунун заманбап механизмдерин киргизүү, операциялардын ачыктыгын жогорулатуу жана финансылык системаны коргоо боюнча системалуу ишти улантууда.
2025-жылдын 1-декабрындагы №659-п буйругу тиркелет.




