Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын
16-сентябрындагы № 514 токтому менен бекитилген, Майнингди жүзөгө ашыруу боюнча иш үчүн сертификаттарды каттоо жана берүү Тартибине, ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы жөнүндө Жобонун 13-пунктуна ылайык, Финкөзөмөлдүн 2025-жылдын 13-ноябрындагы № 623-п буйругу менен “ВиНЭТ” ЖЧКнын, “Спецэнергомонтаж Карабалта” ЖЧКнын жана “Бай Лидер” ЖЧКнын өнөр жай майнингди жүзөгө ашырууга мурда берилген сертификаттарынын колдонуусу токтотулду.




