1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) 2025-жылдын 29-сентябрынан 3-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү юридикалык жактардын баалуу кагаздардын чыгарылышын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоодон өткөрдү:
- ЖАК «Фридом Диджитал Эксчейндж» — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- ААК «Кылым Банк» — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- ААК «Мамлекеттик бажы инфраструктурасы» — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- ААК «Инновациялык технологияларды өнүктүрүү жана ишке киргизүү борбору “МедВетСити+”» — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- ААК «Кыргызстан аэропорттору» — жөнөкөй энчилүү акциялардын алтынчы чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары катталды, жайгаштырылбаган акциялар жокко чыгарылды;
- ЖАК «АЛГА Финанс» — жөнөкөй энчилүү акциялардын сегизинчи чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары катталды;
- ЖАК «Микрофинансылык компания “Аю Финанс”» — жөнөкөй энчилүү акциялардын алтынчы чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары катталды;
- ЖАК «СиЭсАй» — жөнөкөй энчилүү акциялардын экинчи чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары катталды.
2. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы төмөнкү юридикалык жактарга лицензиялар жана уруксаттар берди:
- ЖЧК «Бедачи» — «В The Unit играй, КАСКО от НСК оформляй и на Kia уезжай» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат;
- ЖЧК «RG Brands Кыргызстан» — «Ты домой? Я с тобой!» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат;
- ЖЧК «Элевен Экс» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «Фьючерс Инвестмент» — баалуу кагаздар рыногунда брокердик жана дилердик ишмердүүлүккө, ошондой эле инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууга лицензиялар;
- ЖЧК «ТрампСвап» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «КэтФи» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «Токен Плаза» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «Битми» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «Бромакс» — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- ЖЧК «Ордо Трейд» — «Исполни Мечту с Yokobaby-3» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат;
- ЖЧК «Promotion Studio Max Level» — «Ты не ты, когда голоден» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат.
3. Башка чечимдер
Баалуу кагаздар рыногунда сооданы уюштуруу жана виртуалдык активдердин соода операторунун (криптобиржа) ишмердүүлүгүнө мурда берилген лицензиялар ЖАК «Прайм Эксчейндж» аталышынын ЖАК «Борбордук Азия Биржасы» болуп өзгөрүшүнө байланыштуу кайра каттоодон өткөрүлдү.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финнадзор) финансы рыногунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана ишенимдүү, өз убагында берилген отчеттуулукту камсыздоону эскертет.