Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2025-жылдын 30 сентябрында
«Виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
№625 токтому кабыл алынды.
Кабыл алынган өзгөртүүлөр виртуалдык активдерди мыйзамсыз максаттарда, анын ичинде кылмыштуу кирешелерди адалдоодо, терроризмди каржылоодо жана эл аралык санкцияларды айланып өтүүдө колдонуу тобокелдиктерин азайтууга багытталган.
Виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнө (ВАКК) карата жогорулатылган талаптарды белгилөө бөлүгүндө төмөнкү негизги талаптар каралган:
– жөнгө салуучу тарабынан аныкталган провайдерлер аркылуу транзакцияларга AML/KYT тестирлөөнү милдеттүү түрдө жүргүзүү;
– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо, анын ичинде алыскы (дистанциялык) форматта;
– пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдик деңгээли жогору болгон виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу;
– анонимдүү капчыктарды, NFT, чет элдик алдын ала төлөнгөн карталарды, онлайн-казинолор менен операцияларды жана тобокелдик деңгээли жогору болгон активдерди колдонууга тыюу салуу;
– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн бардык негизги кызмат адамдарын, анын ичинде директорлорду, бухгалтерлерди, комплаенс-офицерлерди жөнгө салуучу менен макулдашуу, алар санкциялык тизмелерде жок болушу керек;
– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүндө КИК/ККЛК боюнча ички саясаттардын жана жол-жоболордун болушу (тийиштүү текшерүү, кардарларды идентификациялоо, мониторинг, тобокелдик-матрицалар, кызматкерлерди окутуу, AML-провайдерлер менен келишимдер);
– КИК/ККЛК боюнча документтерди кеминде 5 жыл сактоо милдеттүүлүгү;
– жыл сайын аудиттен өтүү милдеттүүлүгү.
Талаптарды киргизүү виртуалдык активдер рыногунун ачык-айкындуулугун жогорулатууга, санкциялык жана репутациялык тобокелдиктерди азайтууга, ошондой эле жарандардын жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу менен инновациялык финансылык технологияларды өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.
Виртуалдык активдер рыногун жөнгө салуунун ачык-айкын жана ишенимдүү системасын түзүү Кыргызстанда виртуалдык активдердин ак ниеттүү жана туруктуу рыногун өнүктүрүүгө багытталган артыкчылыктуу милдет болуп саналат.
Финкөзөмөл виртуалдык активдер рыногунун баардык катышуучуларын мыйзамдардын талаптарын так сактоого жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык өз ички жол-жоболорун өз убагында ылайыкташтырууга чакырат.