“Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары – Мыйзам) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши 2025-жылдын 17-сентябрында үчүнчү окууда кабыл алды. Финансылык ижара (лизинг) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүү, көрсөтүлүүчү
лизинг кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу, лизинг компанияларынын иштеринин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу ушул Мыйзамдын максаты болуп саналат.
Төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөр Мыйзамда каралды:
- Лизинг алуучулардын чөйрөлөрү кеңейди:
Лизинг алуучу катары чыгууга укуктары бар субъекттердин тизмеси кеңейтилди.
Төмөнкүлөр лизинг алуучу боло алышат:
- мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелерин кошо алганда, юридикалык жактар;
- Жеке ишкерлер. Өндүрүштүк кубаттуулуктарды, анын ичинде мамлекеттик жана муниципалдык
секторлорду жаңылоочу жана өнүктүрүүчү курал катары лизингдин механизмдерин колдонуууга керектүү кеңен жолду бул Мыйзам ачты.
- Мамлекеттик лизинг компаниялары түзүлөт:
Ачык акционердик коом түрүндөгү мамлекеттик лизинг компанияларын түзүүнүн мүмкүнчүлүктөрү Мыйзамда каралды. Мындай компанияларды түзүү жөнүндө чечимди Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кабыл алат. Стратегиялык секторлордо жана инвестициялык активдүүлүгү төмөн болгон аймактарда лизинг рыногун өзгөчө
өнүктүрүүгө жетишүү түзүлгөн мамлекеттик компаниялардын максаты болуп саналат. - Юридикалык жактардын акчалай каражаттарды тартуучу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди:
Кыргыз Республикасынын резиденти жана резиденти эмес болуп саналган юридикалык жактардын акча каражаттарын улуттук же чет өлкөлүк валюталарда тартуу укуктары лизинг компанияларына берилди. Ушул жаңы киргизилген механизмдер лизинг компанияларынын ресурстук базасын кеңейтүүчү, сектордун туруктуулугун жана өнүгүүсүн камсыз кылуучу мүмкүнчүлүктөрдү берет. - Кайтарма лизинг тууралуу жаңыланган аныктама:
Кайтарма лизинг – бул лизингдин түрү, анда бир эле жана ошол эле лизинг мамилелеринин алкагында сатуучу бир убакта лизинг алуучу катары ишкердик максаттарда чыга алат.
Булар такталды:
- ишкердик максаттарда иштерди жүргүзгөн жеке ишкерлер жана юридикалык жактар
гана кайтарма лизингдин катышуучусу боло алат. - ишкердик иштерди жүргүзгөн шарттарда мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз
алдынча башкаруу органдары жана алардын мекемелери да кайтарма лизингдин
катышуучусу боло алат.
Ушул өзгөртүүлөр укуктук аныктыкты жогорулатууга жана кайтарма лизингдин механизмдеринин жөнгө салынышын жакшыртууга багытталды.
- Лизинг компанияларын уюштуручуларга чектөөлөр белгиленди:
Финансылык көзөмөл чөйрөсүндөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана тобокелдиктерди болтурбоо максаттарын көздөп төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилди:
Төмөнкүдөй адамдар лизинг компанияларынын уюштуруучусу боло албайт:
- оффшордук чөлкөмдөрдө катталган жеке адамдар жана уюмдар;
- терроризмге, экстремизмге, кылмыш жолу менен алынган кирешелерди адалдоого жана
жапырт кыргын салуучу куралды каржылоого байланышы бар, эл аралык санкциялардын
тизмесине киргизилген жактар жана түзүмдөр.
- Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККА/ТККА) чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо милдети:
Кылмыштуу кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү (ККА/ТККА) жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого лизинг компаниялары милдеттүү.
Бул финансылык коопсуздук чөйрөсүндөгү эл аралык стандарттарга улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө жасалган маанилүү кадам болуп саналат.
- Бухгалтердик эсепке, отчеттуулукка жана финансылык туруктуулукка коюлуучу талаптар:
Лизинг компанияларынын иштеринин айкын-ачыктыгын жогорулатуу максатында төмөнкү чаралар мыйзамда каралды:
- «Бухгалтердик эсеп жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык
бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулуку түзүүнү киргизүү; - финансылык отчеттуулуктун депозитарийине финансылык отчеттуулукту жана
аудитордук корутундуну милдеттүү түрдө берүү; - капитал, тез өтүмдүүлүк жана лизинг портфелинин сапаты боюнча ыйгарым укуктуу
орган тарабынан белгиленген ченемдерди сактоо.
Кыргыз Республикасындагы финансылык ижара системасын кыйла туруктуу, ачыкайкын жана атаандаштыкка жөндөмдүү кылып түзүүгө кабыл алынган Мыйзамдагы мындай
өзгөртүүлөр жардам берет. Бул өз кезегинде ишкердикти, инвестициялык активдүүлүктү
өнүктүрүүгө, өлкөнүн экономикасын жаңылоого түрткү берет.