Бүгүн Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финнадзор) өз тарыхындагы маанилүү учурду – түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт.
Финнадзор эки он жыл ичинде калыптануу жана өнүгүү жолун басып өтүп, Кыргыз Республикасынын банктык эмес каржы рыногун мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө системасында негизги орунду ээледи.
Түзүлгөндөн бери Финнадзор төмөнкүлөрдү камсыздайт:
• Банктык эмес каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
• Баалуу кагаздар рыногунда, камсыздандыруу жана аудитордук ишмердүүлүктө, ошондой эле мамлекеттик эмес пенсиялык фонддор чөйрөсүндө ачык-айкын жана атаандаштыкка жөндөмдүү чөйрөнү түзүү;
• Каржылык отчеттуулуктун жана аудиттин эл аралык стандарттарын киргизүү;
• Инвесторлордун жана каржылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо;
• Виртуалдык активдер рыногунун инфраструктурасын өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасынын эл аралык каржы коомчулугуна интеграцияланышына көмөктөшүү.



