2025-жылдын 24-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши үч окууда Кыргыз Республикасынын «Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин уюштурулган соода аянттарында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аркылуу уруксат берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамын кабыл алды. Бул Макулдашуу 2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган.
Макулдашуунун максаты – баалуу кагаздардын чек ара аркылуу жайгаштырылышына бирдиктүү укуктук шарттарды түзүү, аларды жайгаштырууда жана жүгүртүүдөгү административдик тоскоолдуктарды азайтуу, ЕАЭБдин интеграцияланган каржы рыногун өнүктүрүү, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылуу болуп эсептелет.
Макулдашууга ылайык, ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин биринде катталган баалуу кагаздар башка мамлекеттердин биржаларында кайрадан эмиссиялык документтерди каттоонун зарылдыгысыз жайгаштырылышы жана (же) жүгүртүлүшү мүмкүн. Мындай баалуу кагаздар менен болгон бүтүмдөр аларга чек ара аркылуу уруксат берген биржанын юрисдикциясында жүргүзүлгөн деп эсептелет.
Бул документ мурда, 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 46 Евразиялык экономикалык комиссиясынын Кеңешинин токтому менен жактырылган жана Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттери менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан макулдашылган.