Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) тарабынан мыйзамсыз лотереяларга бөгөт коюу жана токтотуу боюнча иш-чаралар улантылууда. Бул аракетке салык органдары, укук коргоо органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тартылууда.
Мыйзамсыз лотереялар «лотерея» деген атка жамынып, жарандарга автоунаа, ири суммадагы акча жана башка баалуу байгелерди утуп алууну убада кылуу менен иш жүзүндө алдамчылыкка барууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп, калктын финансылык коопсуздугуна коркунуч келтирүүдө.
Жарандардын мыйзамсыз лотерея оюндарына катышуусун алдын алуу үчүн Финкөзөмөл төмөнкүлөргө көңүл бурат:
Мыйзамсыз онлайн-лотереялардын негизги белгилери:
- Лотерея ишин жүргүзүүгө уруксат кагазынын жоктугу;
- Катышуу же «утушту» алуу үчүн акча каражаттарын салуу же которуу талабы;
- Лотереянын эрежелери, мөөнөттөрү жана шарттары жөнүндө расмий маалыматтын жоктугу;
- Мыйзамдуу негизи жок ири суммадагы акча же баалуу сыйлыктарды убада кылуу.
Финкөзөмөл жарандарга сунуштайт:
- Шектүү лотереялардын уюштуруучуларына жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын бербөө.
- Шек жараткан мыйзамсыз оюндарга катышпоо.
Мыйзамсыз лотереялык иштин белгилери табылган учурда тез арада Финкөзөмөлгө же Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
Өзүңүздү кантип коргой аласыз:
- уюштуруучулардын тийиштүү уруксаты бар-жогун текшериңиз;
- лотереянын расмий реестрлерде катталган-катталбаганын тактаңыз;
- чындыкка коошпогон сунуштарга этият мамиле кылыңыз.
Финкөзөмөл жарандарды сергек болууга, мыйзамсыз лотереялык иш-аракеттердин учурлары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында маалымдоого жана мындай схемаларды уюштуруу менен катышуу үчүн мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти эске алууга чакырат.
Лотереянын мыйзамдуулугуна шек туудурган учурда кеңеш алуу үчүн биз менен байланышсаңыз болот:
📞 Телефон: +996 700 199 550 (БЭФМӨ бөлүмү)
📧 Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
🌐 Расмий сайт: www.fsa.gov.kg
Өзүңүзгө кам көрүңүз жана эсиңизде болсун!