Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) учурда интернет тармагында таратылып жаткан мыйзамсыз лотереялык схемаларды аныктоого, бөгөт коюуга жана токтотууга багытталган иш-чараларды улантууда.
Тиешелүү уруксаты жок өткөрүлгөн айрым онлайн-оюндар жарандарды адаштырып, автоунаалар, акчалай сыйлыктар жана башка кымбат баалуу белектер сыяктуу баалуу байгелерди сунушташы мүмкүн. Мындай аракеттер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузат жана катышуучулардын финансылык коопсуздугуна коркунуч келтириши мүмкүн.
Мыйзамсыз лотереялардын белгилерин тараткан интернет-платформалар аныкталды.
Финкөзөмөл мониторинг жүргүзүү учурунда Instagram социалдык тармагында товарларды же кызматтарды сатып алуу шарты менен мыйзамсыз ойнотууларды уюштурган төмөнкү ресурстарды аныктады:
- wm_home_wear
- thebull.kg
- tectop.kg
- aliya_furs
- yesfit.studio
- stayfit.kg
- guli_koreakg
- asiagold.kg
- change_fitness_bishkek
- normpati.kg
- spine.center.bishkek
- itline.kg
- venom_computers
- wework_360
- putevka.kg
- aisha__jewerly
- mfit__studio
Финкөзөмөл бул баракчалардын лотереялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксаты жок экенин жана алардын ишмердүүлүгүндө мыйзамсыз ойнотуулардын белгилери бар экенин эскертет.
Мыйзамсыз интернет-лотереяны кантип таануу керек
Укукка каршы ишмердүүлүктүн негизги белгилери:
• лотерея өткөрүүгө уруксаттын жоктугу;
• катышуу үчүн акча каражаттарын которуу же милдеттүү түрдө сатып алуу талабы; • расмий эрежелердин, мөөнөттөрдүн жана өткөрүү шарттарынын жоктугу;
• автоунааларды, ири акчалай суммаларды жана башка баалуу байгелерди мыйзамдуу негиздерсиз убада кылуу.
Финкөзөмөлдүн жарандарга сунуштары:
1. Шектүү онлайн-лотереялардын уюштуруучуларына жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын бербеңиз.
2. Социалдык тармактар, мессенджерлер жана видеоплатформалар аркылуу таратылган шектүү ойнотуларга катышпаңыз.
3. Мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүктүн белгилерин аныктаганда, дароо Финкөзөмөлгө же укук коргоо органдарына билдириңиз.
Өзүңүздү кантип коргоо керек:
• лотерея өткөрүүгө уруксаттын бар экенин текшериңиз;
• лотереянын расмий реестрлерде катталганын тактаңыз;
• чындыгында өтө пайдалуу көрүнгөн сунуштардан алыс болуңуз;
• маалыматтын расмий булактарына гана ишениңиз.
Финкөзөмөл жарандарды сергек болууга, мыйзамсыз лотереялык ишмердүүлүк фактылары жөнүндө ыйгарым укуктуу органдарга өз убагында кабарлоого жана мындай схемаларды уюштуруу жана аларга катышуу мыйзамдарда каралган жоопкерчиликке алып келерин эстен чыгарбоого чакырат.
Билдирүүлөр үчүн байланыш маалыматы:
• Телефондор: 96-13-04, 66-45-13 (Банктык эмес финансы уюмдарын жөнгө салуу департаменти)
• Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
• Расмий сайт: www.fsa.gov.kg
Өзүңүздү сактаңыз жана этият болуңуз!




