Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) маалымдайт:
Кесиптик аудитордук бирикменинаудиторлорунун үзгүлтүксүз кесиптик билими Программасын аккредитациялоо жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №130 токтому менен бекитилген Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо Тартибинин 35-пунктуна ылайык:
- «Аудиторлордун Гильдиясы» кесиптик аудитордук бирикмесинин аудиторлорунун үзгүлтүксүз кесиптик билими Программасы Финкөзөмөлдүн 2025-жылдын 25-декабрынын №715-п буйругунун негизинде 5 жылдык мөөнөткө аккредитацияланды.
Жогоруда аталган аккредитацияланган окуу программасы анын белгиленген талаптарга ылайык экендигин тастыктайт жана аудиторлордун квалификациясын жогорулатуу үчүн үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү системасынын алкагында колдонууга мүмкүнчүлүк берет.




