1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) 2025-жылдын 8-декабрынан 12-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү юридикалык жактардын баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү:
“ЭксПрайм” ААК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын экинчи чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды.
2. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) төмөнкү юридикалык жактарга лицензиялар жана уруксаттар берди:
“Пиксель Брокер” ЖЧК — баалуу кагаздар рыногунда брокердик, дилердик ишти жана инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырууга лицензия берилди;
“ИКС Эксчейндж” ЖЧК — юридикалык аталышы “АЙКЕЙЭС Кэпитал” ЖЧК болуп өзгөргөндүгүнө байланыштуу мурда берилген лицензиясы кайра жол-жоболонду;
“Бакай Страхование” ЖАК — камсыздандыруу уюму тарабынан жүзөгө ашырылуучу ислам принциптери боюнча камсыздандыруу ишин (такафул) жүргүзүүгө лицензия берилди;
“Монолит” курулуш комплекси” ЖЧК — кызыктуруучу лотерея өткөрүүгө уруксат берилди;
Күрөөкана “Ника” КЖК — филиал ачууга макулдук каты берилди;
“Ю ЭС Аудит” ЖЧК — Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине, 2-бөлүк (“Аудитордук уюмдардын реестри”) катталды;
“Аудит Солюшенс” ЖЧК — Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине, 2-бөлүк (“Аудитордук уюмдардын реестри”) катталды;
“Микро Капитал” Күрөөканасы КЖК — 6 өкүлчүлүгү жабылды.
3. Башка чечимдер:
Оскомбаева Клара Тургунбековна — Аудиторлордун, аудитордук уюмдардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин бирдиктүү мамлекеттик реестрине 1-бөлүктөн (“Аудиторлордун реестри”) чыгарылды;
“Квант Хилл” ЖЧК — башкы директор кызмат ордуна Шепелев Игорь Александровичтин талапкерлиги макулдашылды.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) финансы рыногунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана ишенимдүү, өз убагында берилген отчеттуулукту камсыздоону эскертет.



