1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) 2025-жылдын 27-октябрынан 31-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү юридикалык жактардын баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү:
“Кыргыз Агрохолдинг” ААК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын төртүнчү чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Национальная электрическая сеть Кыргызстана” ААК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын он экинчи чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Борбордук депозитарий” ЖАК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын онунчу чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Альфа Ойл” ЖЧК — облигацияларынын биринчи коомдук сунуш кылуусунун жыйынтыктары боюнча отчет мамлекеттик каттоого алынды;
“Кыргызсуудолбоор” ААК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын экинчи чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары мамлекеттик каттоого алынды.
2. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) төмөнкү юридикалык жактарга лицензиялар жана уруксаттар берди:
“КААР” ЖЧК — “Лотерея 2025” кызыктуруучу лотереясын өткөрүүгө уруксат берилди;
“Биринчи ломбард Кэй Джи” КЖК — №056 өкүлчүлүгүн ачууга макулдук каты берилди;
“АП ЧЕНДЖ” ЖЧК — юридикалык жак “СтандартБизнесКонсалт” ЖЧКга кошулганына байланыштуу мурдагы лицензия кайра катталды;
“Золотой Король” ЖЧК — оюн-зоок (казино) ишине берилген лицензия кайра катталды;
“Азия Казино” ЖЧК — оюн-зоок (казино) ишине берилген лицензия кайра катталды;
“Централ Азия Кэпитал” ЖАК — инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча лицензиянын аракетинин мөөнөтү токтотулду.
3. Башка чечимдер:
- Маткасымова Жамиля Абдиманаповна — “Алма Иншуренс” камсыздандыруу компаниясы” ЖАКтын ички аудиторунун кызматына;
- Орлов Алексей Владимирович — “Лизинг Экспресс Финанс” ЖЧКнын ички аудиторунун кызматына;
- Умурзаков Саидакбархан Умарович — “ЛК Быстроденьги” ЖЧКнын башкы директору кызматына;
- Пратова Назгуль Турдуманбетовна — “ЛК Быстроденьги” ЖЧКнын башкы бухгалтери кызматына.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) финансы рыногунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана ишенимдүү, өз убагында берилген отчеттуулукту камсыздоону эскертет.




