Глобалдык санариптик трансформация шартында Кыргыз Республикасы заманбап, ачык-айкын жана коопсуз санариптик экономиканы түзүүгө туруктуу умтулууда. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаровдун инновацияларды киргизүүгө, мамлекеттик башкарууну санариптештирүүгө жана өлкөнүн инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган саясатына ылайык, виртуалдык активдер рыногун жаңы экономиканын стратегиялык сектору катары өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда.
Президент финансылык системаларды санариптик трансформациялоо глобалдык өнүгүүнүн негизги факторлорунун бири болуп баратканын белгиледи. Барган сайын көп өлкөлөр санариптик валюталарды киргизип, стейблкоиндерди жана токендерди түзүүдө.
Ушул контекстте Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралууда. Бул сектор санариптик трансформациялоо стратегиясынын ажырагыс бөлүгү болуп калат, инвестицияларды тартуу, финансылык инклюзияны жогорулатуу жана инновацияларды киргизүү үчүн негизги курал болуп кызмат кылат, өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө жана технологиялык потенциалын чыңдоого өбөлгө түзөт.
Виртуалдык активдер рыногун нормативдик жөнгө салуу
2022-жылдын башынан тартып Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун нормативдик жөнгө салуунун негиздери түзүлгөн. Бул кадамдар инвесторлордун ишенимин бекемдөөгө, жарандардын укуктарын коргоого жана финансы секторунда инновациялык активдүүлүктү стимулдаштырууга багытталган мамлекетти санариптик өнүктүрүүнүн кеңири программасынын бир бөлүгү болуп калды.
Кыргыз Республикасында виртуалдык активдер рыногун системалуу жөнгө салуу киргизилген. Укуктук талаанын негизин төмөнкүлөр түзөт:
– «Виртуалдык активдер жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– «Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоого каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
– Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-сентябрындагы №514 токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-сентябрындагы №625 токтому.
Виртуалдык активдер рыногунун абалы жана өнүгүү динамикасы
Виртуалдык активдер менен соода жүргүзүү жана алмашуу операторлорунун ишин, виртуалдык активдерди чыгарууну, ошондой эле майнингди сертификациялоону жөнгө салуучу жоболор иштелип чыкты. Виртуалдык активдердин эмиссияларынын бирдиктүү мамлекеттик реестри түзүлдү, анда 5 виртуалдык активдин чыгарылышы катталган.
2025-жылдын 31-октябрында Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан алтын менен камсыздалган улуттук стейблкоиндин биринчи чыгарылышы — 50 140 738 «USDKG» стейблкоини катталды, бир стейблкоиндин номиналдык наркы 1 (бир) АКШ доллары, жалпы суммасы 50 140 738 (элүү миллион жүз кырк миң жети жүз отуз сегиз) АКШ долларын түзөт. Активдин эмитенти болуп «Виртуалдык активдердин эмитенти» ААКсы саналат. Компаниянын жалгыз уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги болуп саналат.
Виртуалдык активдерди алмаштыруу операторлоруна 185 лицензия, соода операторлоруна 13 лицензия жана майнингге 10 сертификат берилди.
Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөрдүн операцияларынын жалпы жүгүртүүсү 1 784,18 млрд сомду түздү.
Виртуалдык активдер боюнча кызмат көрсөтүүчүлөр жана майнинг компаниялары тарабынан төлөнгөн салыктардын суммасы 2 041,7 млн сомду түздү, бул сектордун өлкөнүн экономикасына жана бюджетине кошкон салымын тастыктайт.
Көзөмөл иш-чараларынын жыйынтыгында жалпы суммасы 1 121 000 сомду түзгөн 41 административдик протокол түзүлдү. 20 компаниянын оператордук лицензиялары кайтарылып алынды, ал эми үч лицензиянын аракети токтотулду.
Мындан тышкары, майнинг чөйрөсүндө иш жүргүзгөн бир компаниянын сертификаты жокко чыгарылды. Аныкталган бузуулар отчет бербөө, ички контролдоо процедураларын сактабоо, ошондой эле кирешелерди адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча талаптарды бузуу (AML/CFT) менен байланыштуу болгон.
Жөнгө салууну өркүндөтүүнүн негизги чакырыктары жана багыттары
Финнадзор нормативдик базаны өркүндөтүү боюнча ишин улантууда.
2024–2025-жылдарга рыноктун инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга, көзөмөл механизмдерин күчөтүүгө, акчаны адалдоонун жана терроризмди каржылоонун тобокелдиктерин азайтууга, санариптик инвестициялар үчүн ачык-айкын жана туруктуу чөйрөнү түзүүгө багытталган түзөтүүлөрдүн комплекси иштелип чыкты.
Ошентип, 2025-жылдын 30-сентябрында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Виртуалдык активдердин жүгүртүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» №625 токтому кабыл алынды.
Өзгөртүүлөр виртуалдык активдерди соодалоо жана алмаштыруу операторлоруна карата талаптарды кыйла күчөтөт. Негизги жоболордун арасында:
– жөнгө салуучу тарабынан аныкталган провайдерлер аркылуу транзакцияларды АМL/KYT (КЖТФ боюнча талаптарга ылайык келүүсү) текшерүүсүн милдеттүү түрдө жүргүзүү;
– виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн кардарларын идентификациялоо жана верификациялоо, анын ичинде алыскы форматта;
– пайыздык скорингдин натыйжасында аныкталган тобокелдик деңгээли жогору болгон виртуалдык активдер, виртуалдык активдердин капчыктары менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салуу;
– анонимдүү капчыктарды, NFT, чет элдик алдын ала төлөнгөн карталарды, онлайн-казинолор менен операцияларды жана тобокелдик деңгээли жогору болгон активдерди колдонууга тыюу салуу;
– Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрдүн бардык негизги кызмат адамдарын, анын ичинде директорлорду, бухгалтерлерди, комплаенс-офицерлерди жөнгө салуучу орган менен макулдашуу, алар санкциялык тизмелерде жок болушу керек;
– Виртуалдык активдер кызмат көрсөтүүчүлөрдө КТФ/КЖД боюнча ички саясаттардын жана жол-жоболордун болушу (тийиштүү текшерүү, кардарларды идентификациялоо, мониторинг, тобокелдик матрицалары, кызматкерлерди окутуу, AML-провайдерлер менен келишимдер);
– Террористтик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо) боюнча документтерди кеминде 5 жыл сактоо милдеттүүлүгү.
Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү
Инвесторлордун ишенимин бекемдөө жана санариптик инструменттердин ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында токтомдо төмөнкүлөр каралган:
– камсыздалбаган виртуалдык активдерди чыгарууга тыюу салуу;
– ишенимдүү күрөө менен камсыздалган активдерди гана каттоо.
Камсыздоо катары төмөнкүлөр болушу мүмкүн:
– мамлекеттик баалуу кагаздар;
– листингден өткөн компаниялардын акциялары;
– пайдалуу кендерди иштетүүгө укуктар;
– алтын же акча каражаттары.
Ошондой эле төмөнкүлөр киргизилген:
– камсыз кылуучу активдерге көз карандысыз баа берүү;
– күрөөнү милдеттүү каттоо;
– эмитент дефолт болгон учурда активдердин ээлеринин кызыкчылыктарын коргоо үчүн көз карандысыз башкаруучуну дайындоо.
Бул чаралар Кыргыз Республикасынын Президентинин жарандардын жана бизнестин кызыкчылыктарына багытталган ачык, туруктуу жана коопсуз санариптик экономиканы түзүү боюнча стратегиялык максаттарына ылайык келет.
Майнерлердин ишин системалаштыруу
Майнерлердин ишин тартипке келтирүү үчүн Жамааттык майнингдин бирдиктүү мамлекеттик системасы түшүнүгү киргизилип, анда катышуучулардын эсептөө кубаттуулуктары бириктирилет жана өндүрүлгөн продукцияны лицензияланган операторлор аркылуу милдеттүү түрдө сатууга тийиш.
Ошондой эле төмөнкүлөр каралган:
– ыкчам жана финансылык отчеттуулукту берүү милдети;
– маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө өз убагында билдирүү үчүн жоопкерчилик;
– мамлекеттик системанын платформасындагы жеке кабинетин милдеттүү түрдө колдонуу механизми.
Кардарлардын корголушун жогорулатуу жана көзөмөлдү күчөтүү
Токтом кардарлардын укуктарынын кошумча кепилдиктерин белгилейт жана виртуалдык активдерди тейлөөчүлөрдүн жоопкерчилигин күчөтөт:
– кардарлардын тобокелдиктерди билүү боюнча тестирлөөдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматты кеминде беш жыл сактоо милдеттүү;
– бүтүмдөрдү келишим же болбосо ачык оферта болгондо гана түзүү;
– тобокелдиктер, операциялардын шарттары жана жол-жоболору жөнүндө толук жана жеткиликтүү маалымат берүү;
– тышкы аудиттен милдеттүү түрдө өтүү жана отчеттуулукту ыйгарым укуктуу органга жөнөтүү.
Мындан тышкары, токтомдо Кыргыз Республикасынын резиденттерине лицензиясы жок жеткирүүчүлөр аркылуу виртуалдык активдер менен операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат, бул криптосектордогу көмүскө ишмердүүлүктү кыскартууга багытталган.
Сунушталган өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын санариптик активдерди жөнгө салуу жаатындагы эл аралык стандарттарга, анын ичинде ФАТФтин сунуштарына ылайык келүү аракетин чагылдырат. Көзөмөлдү күчөтүү, токендерди милдеттүү түрдө камсыз кылуу, инвесторлордун компетенттүүлүгүн көзөмөлдөө жана ачык-айкындуулукту колдоо өлкөдө криптоэкосистеманын туруктуу жана коопсуз өнүгүүсү үчүн негиз түзөт.
Санариптик экономика элдин кызыкчылыгына кызмат кылып, улуттук капиталдын өсүшүнө жана өлкөнүн экономикалык эгемендүүлүгүнүн бекемделишине өбөлгө түзүшү керек.
Ушул контекстте виртуалдык активдердин ачык-айкын, жөнгө салынган жана туруктуу экосистемасын түзүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыты жана Кыргыз Республикасынын келечектеги экономикалык өсүшүнүн негизи болуп саналат.
Виртуалдык активдер чөйрөсүндөгү мамлекеттик талдоо жана көзөмөл системасы – «Программалык-аппараттык комплекс. «Ранекс» крипто-көзөмөл системасы» («Ранекс» СКК).
Террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдиктерин азайтуу боюнча 2023–2024-жылдарга карата виртуалдык активдер жана виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрү секторундагы иш-аракеттер планын ишке ашыруу максатында, 2023-жылдын 28-июлундагы №6 террористтик ишмердүүлүктү каржылоого каршы аракеттенүү жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) маселелери боюнча комиссиянын жыйынынын протоколу менен бекитилген, 2024-жылдын декабрь айында RUNEXKG санарип платформасы ишке киргизилген.
RUNEXKG — бул Кыргыз Республикасындагы бардык виртуалдык активдердин кызмат көрсөтүүчүлөрүнүн ишин каттоо, мониторинг жүргүзүү жана талдоо үчүн санариптик экосистема.
RUNEXKG мамлекеттик платформасы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
– санариптик операциялар үчүн корголгон маалыматтык-технологиялык жана аналитикалык инфраструктураны түзүүгө;
– виртуалдык активдерге байланыштуу ишмердүүлүктүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык келүүсүнө мониторинг жүргүзүүгө, талдоого жана көзөмөлдөөгө;
– Кыргыз Республикасынын аймагында майнинг чөйрөсүндөгү операцияларга мониторинг жүргүзүүгө, талдоого жана көзөмөлдөөгө;
– майнинг-пулду түзүүгө, ишке киргизүүгө жана иштетүүгө;
– виртуалдык активдер рыногундагы эл аралык тажрыйбаны жана тенденцияларды изилдөөгө, аларды өнүктүрүү боюнча аналитикалык материалдарды жана сунуштарды даярдоого;
– виртуалдык активдер менен операцияларга мониторинг жүргүзүүгө жана көзөмөлдөөгө, анын ичинде суроо-талап боюнча аналитикалык отчетторду берүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына (AML/KYC) ылайык келүүсү үчүн транзакцияларды текшерүүгө.



