Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) банктык эмес финансы рыногунун бардык субъекттерине Кыргыз Республикасы үчүн жогорку тобокелдик туудурган мамлекеттердин (аймактардын) тизмесине өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт.
Тизме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 25-декабрындагы
№606 токтому менен бекитилген Жогорку тобокелдиктеги өлкөлөргө карата чараларды (санкцияларды) колдонуу тартиби жөнүндө жобонун 2-главасынын 8-пунктунун 3-пунктчасына ылайык жаңыртылды.
Бул маалымат тиешелүү мамлекеттерге карата кардарларды тийиштүү түрдө текшерүүнүн күчөтүлгөн чараларын жана башка белгиленген чараларды (санкцияларды) колдонуу максатында тааныштыруу жана иште пайдалануу үчүн жайгаштырылат.
Финкөзөмөл банктык эмес финансылык рыноктун субъекттеринин көңүлүн ишмердикти жүзөгө ашырууда бул чараларды тиешелүү колдонууну камсыз кылуу зарылдыгына бурат.
Байланыш маалыматтары:
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы
Тел.: (0312) 96-13-04, 66-45-13
E-mail: fsa@fsa.gov.kg
Веб-сайт: www.fsa.gov.kg




