1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) 2025-жылдын 6-октябрынан 10-октябрына чейинки мезгилде төмөнкү юридикалык жактардын баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү:
- «М-БИРкоин» ААК — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- «ОнСикс» ЖАК — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- «Кор Траст» ЖАК — жөнөкөй энчилүү акциялардын уюштуруучу чыгарылышы;
- Микрокредиттик компания «Ишкердикти өнүктүрүү фонду» ААК — жөнөкөй энчилүү акциялардын он үчүнчү чыгарылышы.
2. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) төмөнкү юридикалык жактарга лицензиялар жана уруксаттар берди:
- «Азия Медиа» ЖЧК — «БААРЫ БАР» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат;
- «КоинБит» ЖЧК — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- Күрөөкана «Ника» КЖК — ломбарддык ишти жүзөгө ашырууга лицензия;
- «НеоЭкс» ЖЧК — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- «Башта ЛТД» ЖЧК — «EMDI GOLD» аттуу стимулдаштыруучу лотерея өткөрүүгө уруксат;
- «ТокенХаб» ЖЧК — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия;
- «НУР Ломбард» КЖК — өкүлчүлүк ачууга макулдук кат берилди;
- «Вижн Про» ЖЧК — виртуалдык активдерди алмаштыруу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия.
3. Башка чечимдер
- «Банк» ЖЧКсынын башкаруучу директору кызматына Солдатов Максим Игоревичтин талапкерлиги макулдашылды.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) финансы рыногунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана ишенимдүү, өз убагында берилген отчеттуулукту камсыздоону эскертет.