Бишкек ш., 2025-жылдын 13-октябры
Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын товардык биржалар секторунда террористтик ишмердүүлүктү каржылоо жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу тобокелдиктерин сектордук баалоо боюнча отчет менен тааныштыруу иш-чарасы өткөрүлдү.
Аталган отчет 2025-жылдын 11-сентябрында террористтик ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү маселелери боюнча комиссиянын 15-жыйынында жактырылган.
Иш-чарага «Кыргыз фондулук биржасы» ЖАКтын вице-президенти жана товардык-сырьё секторунун директору, ошондой эле «Товардык-сырьё биржасы – ЕС» ЖЧКсынын президенти катышты.
Талкуу учурунда ПФТД/ЛПД тобокелдиктерине карата товардык биржалар секторунун ачык-айкындуулугун жана туруктуулугун жогорулатууга багытталган отчеттун негизги тыянактары жана сунуштары каралды.
Сектордогу тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыктары, бул тармактагы тобокелдиктерди азайтуу боюнча чаралардын эффективдүүлүгүн жогорулатууга багытталган нормативдик жана методикалык документтерди иштеп чыгууда колдонулат.