2025-жылдын 29-сентябрында саат 11:00дө «Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин» алдындагы Илим изилдөө университетинде студенттердин каржы рыногунун учурдагы абалы жана келечеги жөнүндөгү билимин жогорулатуу максатында уюштурулган семинар болуп өттү.
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (Финнадзор) камсыздандыруу ишин жөнгө салуу бөлүмүнүн башкы адиси Соодокеева Сезим Арстанбековна «Кыргызстандагы камсыздандыруу: жөнгө салуудан өнүгүүгө» деген темада саламдашуу сөзү жана негизги доклады менен чыгып сүйлөдү. Өз сөзүндө ал мыйзамдык база, Финнадзордун милдеттери жана иш багыттары жөнүндө кеңири айтып берди, ошондой эле өлкөнүн каржы системасын өнүктүрүүдө камсыздандыруу секторунун ролун баса белгиледи.
Чакырылган лектор катары «Алма-Иншуренс» камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Нурдин уулу Саламат катышып, «Камсыздандыруу — каржылык туруктуулуктун жана коргоонун куралы катары» деген темада баяндама жасады. Ал камсыздандыруу компаниясынын иш тажрыйбасынан бөлүшүп, тармактын негизги көйгөйлөрүн жана мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, ошондой эле камсыздандыруунун жарандарды жана бизнести каржылык тобокелдиктерден коргоо механизми катары маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Семинар ачык диалог форматында өттү, анда студенттер өздөрүн кызыктырган суроолорду берип, Кыргызстандын камсыздандыруу рыногун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулай алышты.
Бул иш-чара көзөмөл органынын, камсыздандыруу рыногунун өкүлдөрүнүн жана экономика менен финансы тармагындагы келечектеги адистердин ортосунда билим алмашуу үчүн маанилүү аянтча болуп калды.



