2025-жылдын 22-сентябрында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу, коопсуздук жана миграция боюнча комитети үч окууда «2025-жылдын 31-январында Алматы шаарында кол коюлган Евразиялык экономикалык союзга мүчө мамлекеттерде уюшкан соода аянттарында баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө чек ара аралык уруксат берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун» жактырды.
Макулдашуу Евразиялык экономикалык союзунун (ЕАЭБ) алкагында эмитенттер менен инвесторлор үчүн тең шарттарды түзүүгө, баалуу кагаздарды жайгаштыруу жана жүгүртүү процессиндеги административдик тоскоолдуктарды азайтууга, ЕАЭБдин интеграцияланган каржы рыногун өнүктүрүүгө, ошондой эле инвесторлордун укуктарын коргоого жана бирдиктүү жөнгө салуу стандарттарын сактоого багытталган.
Бул Макулдашуунун предмети – баалуу кагаздарга чек ара аркылуу жүгүртүлүүгө уруксат берүү. Ар бир мүчө-мамлекет өз аймагында катталган биржаларга (соода уюштуруучуларына) башка мүчө-мамлекеттерде катталган (идентификациялык номери берилген) баалуу кагаздарды жайгаштырууга (параллелдүү жайгаштырууга) жана (же) жүгүртүүгө уруксат берүүнү камсыз кылат. Бул учурда шарттар ошол мамлекетте катталган баалуу кагаздар үчүн коюлган шарттардан кем болбоого тийиш жана Макулдашуунун талаптары сакталышы зарыл.
Биржа (соода уюштуруучу) чек ара аркылуу жүгүртүүгө уруксатты төмөнкү шарттар аткарылганда берет:
- эмитент катталган мамлекеттин мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөн же идентификациялык номер берилген болушу керек;
- чек ара аркылуу жүгүртүлүшү демилгеленген баалуу кагаздар эмитент катталган мамлекеттин биржасынын (соода уюштуруучусунун) жогорку категориялык тизмесине киргизилген болушу зарыл.
Баалуу кагаздардын проспектин, чыгарылыш жыйынтыгы боюнча отчетторду жана (же) жайгаштырууну, ошондой эле эмиссия процессин коштоочу башка документтерди чек ара аркылуу жүгүртүүгө уруксат берген биржа катталган мамлекеттин ыйгарым укуктуу органында каттоонун зарылдыгы жок.
Чек ара аркылуу жүгүртүүгө уруксат берилген баалуу кагаздар боюнча бүтүм жасалган жер катары ошол бүтүм аткарылган соода системасы жайгашкан биржа катталган мамлекет эсептелет.
Белгилей кетсек, бул Макулдашуу буга чейин Евразиялык экономикалык комиссия Кеңешинин 2022-жылдын 25-ноябрындагы № 46 Буйругу менен жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү комитеттеринде жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинде макулдашуу процедураларынан өткөн.
Тиркеме: ЕАЭБ алкагында баалуу кагаздарды трансчек аралык жеткиликтүүлүгү жөнүндө макулдашуу.