Урматтуу жарандар!
Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы интернет аркылуу мыйзамсыз лотереяларды өткөрүү учурларынын көбөйүп жаткандыгына көңүлүңүздөрдү бурат.
Мындай лотереялар ар кандай онлайн-платформаларды колдонуу менен жарандарды автоунааларды, ири суммадагы акчалай сыйлыктарды же баалуу байгелерди «утуп алуу» убадалары менен азгырган шылуундар тарабынан уюштурулууда. Ошол эле учурда бул оюндар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына жооп бербейт.
Мыйзамсыз лотереялардын негизги белгилери:
- лотерея өткөрүүгө лицензиянын жоктугу;
- катышуу же байге алуу үчүн акча каражаттарын салуу же которуу талабы;
- эрежелер, мөөнөттөр жана утушту алуу шарттары жөнүндө расмий маалыматтын жоктугу;
- реалдуу негиздерсиз ири суммадагы акча же баалуу байгелерди убада кылуу.
Жарандарга сунуштар:
- Шектүү лотереяларды уюштуруучуларга жеке маалыматтарды жана акча каражаттарын бербеңиз;
- Күмөн саноону жараткан оюндарга катышууну токтотуңуз;
- Түшүндүрмө алуу же арыз берүү үчүн ыйгарым укуктуу органдарга кайрылыңыз.
Өзүңүздү кантип коргоо керек:
- уюштуруучулардын тиешелүү лицензиясы бар экендигин текшериңиз;
- лотереянын расмий реестрлерде катталгандыгын тактаңыз;
- чындыкка коошпогондой өтө пайдалуу көрүнгөн сунуштарга этият болуңуз.
Биздин максат – жарандарды алдамчылык схемалардан коргоо жана лотереялык ишмердүүлүк чөйрөсүндө калыс жана ачык-айкын практиканы камсыз кылуу.Эгерде өткөрүлүп жаткан лотереянын мыйзамдуулугуна шектенүү жаралса, консультация алуу үчүн кайрылсаңыз болот:
📞 Телефон: (0312) 66 29 85 ( Банктык эмес финансылык уюмдарды жөнгө салуу бөлүмү )
📧 Электрондук почта: fsa@fsa.gov.kg
🌐 Расмий сайт: www.fsa.gov.kg
Өзүңүздү сактаңыз жана этият болуңуз!
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын төрагалыгы алдында ыйгарым укуктуу органдардын катышуусунда учурда масштабдуу текшерүү жүрүп жаткан мыйзамсыз лотереялардын тизмеси:
- «Дени Сак» арыктоо марафону;
- «Ийгилик ТВ»;
- «Кут Лото»;
- «Замир Лото»;
- «Баткен Лидер»;
- «Апаз Сила»;
- «Ош Сила»;
- «Барсбек Батыралиев».







