2025-жылдын 28-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин алдындагы Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын (Финкөзөмөл) кызматкерлери Кыргыз Республикасынын калкынын финансылык сабаттуулугун жогорулатуусунун алкагында «АДАМ» университетинин 1-курсунун студенттерине билим берүү лекциясын өткөрүштү.
Иш-чара Финкөзөмөлдүн ишмердүүлүгүнө, анын банктык эмес финансылык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү функцияларына жана ыйгарым укуктарына арналды. Студенттерге турак жайды, автотранспортту камсыздандыруу жана камсыздандыруу рыногунун башка негизги аспектилерин камтыган камсыздандыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Лекция түшүндүрмөлөр жана практикалык мисалдар менен коштолуп, студенттерге камсыздандыруу механизмдерин жана алардын өлкөнүн экономикасы үчүн маанисин тереңирээк түшүнүүгө мүмкүндүк берди.
Финкөзөмөл билим берүү демилгелерин колдоону улантууда жана келечектеги адистерге финансылык жөнгө салуу маселелерин жакшыраак түшүнүүгө жардам берип, жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга умтулат.