Урматтуу кесиптештер!
Урматтуу камсыздандыруу рыногунун кызматкерлери!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан кесиптик майрамыңыздар – Камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Камсыздандыруу рыногу өлкөнүн финансы системасынын маанилүү элементи болуп саналат жана анын туруктуулугуна жана өнүгүшүнө олуттуу таасирин тийгизет. Сиздердин күч-аракетиңиздердин жана кесипкөйлүгүңүздөрдүн аркасында камсыздандыруу заманбап чакырыктарга каршы жарандарды жана бизнести ишенимдүү коргоону камсыз кылуу менен өзүнүн позициясын ишенимдүү бекемдөөдө.
Акыркы жылдары Кыргызстандын камсыздандыруу рыногу туруктуу өсүшү жана оң динамикага ээ болгонун өзгөчө белгилеп кетким келет. Камсыздандыруу кызматтарынын көлөмү көбөйүүдө, алардын ассортименти кеңейүүдө, көрсөтүлүүчү кызматтардын сапаты жакшырып, калктын камсыздандыруу компанияларына болгон ишениминин деңгээли тынымсыз өсүүдө. Бул биздин талыкпаган эмгегибиздин, профессионалдуу мамилебиздин жана алдыңкы эл аралык тажрыйбаны ишке киргизүүгө болгон каалообуздун натыйжасы.
Камсыздандыруу тармагында иштеген баардык адистерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Сиздердин берилгендигиңиздердин, жоопкерчилигиңиздердин жана кесипкөйлүгүңүздөрдүн жарандардын ишенимин бекемдөөдө жана өлкөнүн экономикалык гүлдөшүндө негизги ролду ойнойт.
Сиздерге жаңы ийгиликтерди, ийгиликтүү долбоорлорду, чың ден соолук, бакубатчылык жана келечекке ишеним каалайм. Ар бир күнүңүздөр ийгиликке бай болуп, ишиңиздер Кыргыз Республикасынын коомуна жана экономикасына кызмат кыла берсин!
Майрамыңыздар менен!
Урматтоо менен,
М.Т. Пирназаров