Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары – Финкөзөмөл) 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгында квалификациялык экзамен (аттестация) өткөрүлөрүн жарыялайт.
2024-жылдын 29-ноябрынан тартып баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун квалификациялык күбөлүгүн алууну каалаган жеке жактардын квалификациялык экзамендин (аттестациясынын) башталышы (аттестацияга катышуу үчүн документтер 2024-жылдын 23-октябрынан тартып 22-ноябрына чейин кабыл алынат).
Документтердин кабыл алуусу кийинки дарек боюнча жүргүзүлөт: Бишкек ш., Чүй пр., 114, тел. (0312) 96 12 87 жана (0312) 62 44 74.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 1-сентябрындагы № 526 токтому менен бекитилген Баалуу кагаздар рыногуна кесипкөй катышуучунун квалификациялык күбөлүгүн алуу укугу үчүн талапкерлерди квалификациялык аттестациядан өткөрүү жөнүндө жобого ылайык зарыл болгон документтердин тизмеси:
– белгиленген үлгүдөгү өз колу менен жазылган арызды (1-тиркеме);
– ушул Жобонун 5-тиркемесине ылайык белгиленген үлгүдөгү квалификациялык күбөлүктү алууга талапкердин анкетасынын түп нускасын;
– жогорку экономикалык билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн же башка жогорку билими жөнүндө дипломдун көчүрмөсүн (нотариуста күбөлөндүрүлгөн);
– паспорттун көчүрмөсүн;
– (абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-июнундагы № 334 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
– соттолбогондугун күбөлөндүргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берген документти;
– түстүү эки фото сүрөттү (3×4 өлчөмүндө);
– квалификациялык күбөлүктү бергендиги үчүн төлөмдүн төлөнгөндүгү жөнүндө квитанцияны.