Интернеттин мейкиндиктеринде 1xbet.kg оюн-зоок ишинин субъектиси (букмекердик кеңсе, онлайн казино) катары активдүү жарнамаланып келатат.
«Спортс Интертеймант» ЖЧКсына (1xbet) буга чейин букмекердик кеңсе катары иштөө үчүн 2022-жылдын 17-ноябрында сериясы ОИ № 0001 лицензия берилгендигин Финкөзөмөл маалымдайт. Бирок, Финкөзөмөл 08.09.2023-жылы №375 буйругу менен бул лицензияны жокко чыгарган.
“Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык Финкөзөмөл эскертет:
– Кыргыз Республикасынын жарандары оюн-зоок жайларынын кардарлары боло албайт.
– оюн-зоок жайларында кумар оюндарына катышкан Кыргыз Республикасынын жарандары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” кодексинин 346-беренесине ылайык:
«Оюн-зоок ишин уюштуруучунун оюн-зоок иши жөнүндө мыйзамдардын талаптарын бузуусу же аткарбоосу, эгерде бул аракеттер кылмыш жоопкерчилиги каралган квалификациялык белгилерди камтыбаса, -юридикалык жактарга 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет (200 000 сом).
Оюн-зоок бизнесин жарнамалоо эрежелерин бузуу -юридикалык жактарга 450 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет (45 000 сом).»
Азыркы учурда Финкөзөмөл Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына тиешелүү кайрылууларды даярдоодо.
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоого жана кумар оюндарына катышпоого, же тиешелүү мамлекеттик органдардан уруксат албаган ишкердик субъекттери менен кызматташпоого Кыргыз Республикасынын жарандарын чакырабыз.