Ош Технологиялык Университетинин студенттери жана окутуучулары үчүн практикалык семинар
2024-жылдын 10-майында Финкөзөмөлдүн түштүк аймактык башкармалыгынын (мындан ары – Финкөзөмөл ТАБ) окуу борборунда Ош технологиялык университетинин Экономика жана башкаруу факультетинин базасында уюштурулган, Экономика багыты боюнча студенттер жана окутуучулар үчүн маанилүү практикалык семинар болуп өттү.
Иш-чараны өткөрүү Финкөзөмөл ТАБ башчысы Зулпукаров Т. Р. жана башкы адис Эркинбай у. У. тарабынан демилгеленген.
Семинарда Кыргыз Республикасындагы Финансы рыногун мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлдөө, ошондой эле Финкөзөмөлдүн негизги функциялары жана ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.
Иш-чаранын алкагында экономика жана башкаруу факультетинин профессордук-окутуучулук курамы тарабынан Экономика тармагында теориялык билимдерди практикалык колдонуу боюнча талкуулар өткөрүлдү.
Финкөзөмөл ТАБ окуу борборундагы практикалык семинар экономисттердин жана финансисттердин кесиптик коомчулугун өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп, финансылык жөнгө салуу жаатында адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.