Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоо тартибин бекитүү жөнүндө
«Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоонун Тартиби» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы №130 токтому менен бекитилгендигин Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы маалымдайт.
Аккредитациялоонун ушул Тартиби Аудитордун кесиптик квалификациясынын программасы жана аудиторлорго үзгүлтүксүз кесиптик билимдерди берүү программасы боюнча Кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоонун Тартибин регламенттейт.
Маалымат катары:
“Аудитордук иш жөнүндө ”Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пуктуна ылайык аудитордун кесиптик квалификациясынын жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүүсүнүн программалары боюнча жогорку окуу жайлардын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларын аккредитациялоону ыйгарым укуктуу мамлеккеттик орган жүзөгө ашырат.
Ушул аталган Мыйзамдын 2-беренесинин 8-пунктуна ылайык аккредитациялоо дегенибиз жогорку окуу жайларынын жана кесиптик аудитордук бирикмелердин окуу программаларынын аудиторду кесиптик квалификациялоо жана аудиторлордун үзгүлтүксүз кесиптик билим берүү программаларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгилеген талаптарга жана критерийлерге ылайыктуулугун баалоо жолу менен таануунун жол-жобосу болуп саналат.