Кыргызстандыктар мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алууну жана сатууну MegaPay тиркемеси аркылуу, “MEGA Инвестиция” сервисинин жардамы менен жүргүзө алышат.
MEGA мамлекеттик уюлдук байланыш оператору мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берүүчү жаңы тиркемени сунуштады.
Кыргыз фондулук биржасынын жана брокердик компаниялардын санариптик платформасы аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарга онлайн инвестициялоого MegaPay тиркемесинин алкагындагы “MEGA Инвестиция” уникалдуу сервиси мүмкүндүк берет жана аны жеткиликтүү кылат. Ушул платформанын натыйжасында инвесторлор үйлөрүнөн чыкпай эле санарип кол тамгасынын жардамы менен санариптик келишимдерди түзө алат жана баалуу кагаздарды сатып ала алышат.
Мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу инвестициялоонун дагы бир куралы болуп калды, ал коммерциялык банктардагы альтернативдүү депозит боло алат. Мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча төлөмдөрдү республикалык бюджет камсыз кылат жана ар дайым өз мөөнөтүндө жүргүзүлөт. Ошентип, мамлекет инвестициялардын ишенимдүүлүгүнө кепилдик берет.
MEGA концепциясы GovFinTech мамлекеттик санариптик экосистемасынын платформасы катары санариптик технологияны жана туруктуу инфратүзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн жана улуттук экосистеманын майнаптуу иштеши үчүн бирдиктүү жана туруктуу инфратүзүмдү түзүүгө багытталат.
Маалымат катары: мамлекеттик баалуу кагаздар — бул мамлекет тарабынан чыгарылган, карыздык баалуу кагаздардын категориясына кирген баалуу кагаздар.