Жогорку Кеңештин 2024-жылдын 29-февралдагы жыйынында «Күрөөкана иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору экинчи окууда каралды жана кабыл алынды.
Мыйзам долбоору финансылык кызматтарды керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылууга, күрөөканалар менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга, зайымдын шарттары жөнүндө толук маалымат кардарларга берүүгө, күрөөкана берүүчү зайымдын жылдык эффективдүү пайыздык ченинин чегин белгилөөгө, күрөөканалардын кредиттик бюролорго зайым жана зайымчы жөнүндө маалыматтарды берүүсүн чектөөгө багытталган.
«Кыргыз Республикасында сүткорлук ишти чектөө жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине ылайык жол берилүүчү чектүү пайыздын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо салмактап алынган номиналдуу пайыздык чендин негизинде эсептелип, ага 15 пайыз кошулат.
Мыйзамдын алгачкы долбоорунда күрөөканалардын зайымынын натыйжалуу пайыздык ченинин жол берилген жылдык өлчөмү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталган орточо өлчөнгөн номиналдык пайыздык ченинин негизинде эсептелип, ага 30 пайыз кошулуусу сунушталган. 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата орточо салмактанып алынган номиналдык пайыздык чен 17,83% деңгээлинде белгиленген. Бул учурда зайымдын жылдык пайызы 47,23%ды түзмөк.
Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде экинчи окууда кароодо (22.01.2024-ж. жана 19.02.2024-ж.) депутаттар күрөөканалардын берген карыздарынын жылдык орточо пайыздык ченинин чегине көңүл бурушту. Депутаттар Б.К.Чойбеков, А.Ж.Осмонов М.А.Маматалиев депутат А.Алтынбековдун пайыздык чендин өлчөмүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан белгиленген орточо салмактанып алынган номиналдык пайыздык ченге карата +12 пайыз чегинде белгилөө жөнүндө киргизген сунушун колдоп, күрөөканалардагы насыянын пайыздык чен өлчөмүн азайтуу керектигин белгилешти. Мындан тышкары, депутат Э.Ж.Сурабалдиева күрөөканалардан зайым алуучулардын мүлкүн камсыздандыруу маселесин белгиледи.
Жогорку Кеңештин жыйналышында мыйзам долбоору ломбарддардын жылдык жол берилүүчү чектелген пайыздык чени Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан аныкталуучу орточо салмактанып алынган номиналдык пайыздык ченге 12 пайыз кошулуп эсептелиши менен жактырылды жана кабыл алынды. Ошондо, күрөөканалардын жылдык пайыздык чени 2024-жылдын 1-жарым жылдыгына карата 29,83 пайызды түзөт.
Мыйзам долбоорун талкуусунун жүрүшүндө депутат Н.К.Кадырбеков күрөөканалардын ишмердүүлүгүн текшерүү жана аныкталган мыйзам бузуулар боюнча маселелерди көтөрдү. Ал эми депутат Б.У.Сыдыков күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи. Депутат А.Т.Маткеримов күрөөканалардын күрөө мүлкүн насыя алуучунун уруксаты жок саткандыгы үчүн жоопкерчилик маселесин көтөрдү. Депутат Р.Ш.Жакышов жарандардан күрөөканалардын ишмердүүлүгүнө даттануулар түшүп жатканын жана күрөөкана ишин жүргүзүүгө берилүүчү күрөөкананын баасын көтөрү маселесин карап чыгууну белгиледи.
Талкуунун жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.