2024-жылдын 11-сентябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши экинчи окууда Финкөзөмөл тарабынан иштелип чыккан “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу жөнүндө” мыйзамдын долбоорун экинчи окууда кабыл алды. Бул мыйзамдын долбоору кооптуу өндүрүш объекттерин иштетүүдө иш берүүчүнүн кызматкерлер жана уюмдар алдындагы камсыздандыруу милдеттенмесин аткарбагандыгы үчүн административдик жоопкерчиликти киргизүүгө багытталган.
2008-жылы Кыргыз Республикасында «Кызматкердин эмгектик милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн иш берүүчүнүн жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» жана «Кооптуу иштерди жүргүзгөн уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамдар кабыл алынган. Бул мыйзамдар кооптуу өндүрүш объекттериндеги коопсуздукту камсыздоого жана иш берүүчүлөрдүн жоопкерчилигин жөнгө салууга багытталган.
Ошентсе да, республикада бул камсыздандыруу түрлөрү толугу менен ишке киргизиле элек.
Камсыздандыруу камтуусунун төмөндүгү, мамлекеттик органдар тарабынан милдеттүү камсыздандыруу тууралуу мыйзамдардын аткарылышын талаптагыдай көзөмөлдөбөгөндүгү жана камсыздандыруу милдеттерин аткарбаганы үчүн жоопкерчиликтин болбогондугу менен байланыштуу.
Кыргыз Республикасынын «Кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык, кооптуу өндүрүштүк объекттерди иштеткен уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруунун негизги объектиси ушул уюмдардын мүлктүк кызыкчылыктары болуп эсептелет. Бул камсыздандыруу үчүнчү жактардын өмүрүнө, ден соолугуна жана (же) мүлкүнө, ошондой эле кооптуу өндүрүштүк объекттеги авариянын натыйжасында айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды ордуна келтирүүгө байланышкан милдеттерди камтыйт. Кооптуу өндүрүш объекттеринде пайда болушу мүмкүн болгон авариялар үчүнчү жактарга маанилүү зыян келтирүү коркунучун жаратат. Бул Мыйзам зыяндын ордун толтуруу максатында кабыл алынган. Бирок, Мыйзамдын аткарылбай калуусунан улам кооптуу өндүрүштүк объекттеги авариялардан жабыр тарткан үчүнчү жактардын кызыкчылыктарын коргоо ишке ашпай келет.
Бул себептен улам, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине 871 жана 2741 – беренелер менен толуктоону сунуштайт. Бул беренелер мыйзамдын талаптарын бузган же аткарбаган үчүн жоопкерчилик киргизүүнү карайт. Мыйзамда “Кызматкердин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн иш берүүчүнүн жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” беренесин аткарбаган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Ошондой эле, “Кооптуу өндүрүштүк объекттерди эксплуатациялоочу уюмдардын жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамды бузган жеке жактарга 30 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 130 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Маалымат үчүн: 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алган.