Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын
8-декабрындагы № 787 токтому менен баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобо жаңы редакцияда бекитилди.
Документ Кыргыз Республикасынын 2025-жылдын 26-июнундагы № 126 “Баалуу кагаздар рыногу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Мыйзамынын 9-беренесинин 3-пунктун аткаруу үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 7-майындагы № 190 токтому менен бекитилген 2021–2025-жылдарга Кыргыз Республикасынын банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүү стратегиясынын IV бөлүмүнүн 121-пунктуна ылайык иштелип чыккан.
Кабыл алынган токтомдун максаты банктык эмес финансы рыногунун туруктуу жана натыйжалуу иштешин камсыз кылуу, экономиканын реалдуу секторунун жана калктын финансылык ресурстарды инвестицияга тартуу жана трансформациялоо боюнча сапаттуу кызмат көрсөтүүлөргө болгон муктаждыктарын канааттандыруу, ошондой эле банктык эмес финансы системасынын туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн чыңдоо, инвесторлордун ишенимин жогорулатуу жана Евразия экономикалык бирлигинин бирдиктүү финансы рыногун түзүүнүн алдында баалуу кагаздар рыногунун улуттук катышуучуларынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн күчөтүү болуп саналат.
Бекитилген токтомдо каралган негизги өзгөртүүлөр:
– Баалуу кагаздар рыногунда кызмат көрсөткөн рейтингдик агенттиктерге талаптарды белгилөө;
– Дилердик ишмердүүлүктү, инвестициялык активдерди ишенимдүү башкарууну, баалуу кагаздардын ээлеринин реестрин жүргүзүүнү, ошондой эле инвестициялык фонддордун ишмердүүлүгүн жүзөгө ашырган баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын капиталдаштыруусуна болгон талаптарды жогорулатуу.
Баалуу кагаздар рыногунун профессионалдык катышуучуларынын минималдуу уставдык капиталын түзүү мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленген:
1. инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу боюнча ишти жүзөгө ашырганкатышуучулар үчүн:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 10 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 15 млн сом;
2. дилердик ишти жүзөгө ашырганкатышуучулар үчүн:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 5 млн сом;
3. баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестрин жүргүзүү боюнча ишти жүзөгө ашырганкатышуучулар үчүн:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 4 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 6 млн сом;
4. инвестициялык фонддун ишин жүзөгө ашырганкатышуучулар үчүн:
– 2027-жылдын 1-январына чейин – 2 млн сом;
– 2028-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом.



