1. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) 2025-жылдын 01-декабрынан 05-декабрына чейинки мезгилде төмөнкү юридикалык жактардын баалуу кагаздарынын чыгарылышын мамлекеттик каттоодон өткөрдү:
“Диджитал Трежери” ААК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Офис” ЖАК — жөнөкөй энчилүү акцияларынын уюштуруучулук чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Каинды-Кант” ААК — энчилүү пайыздык облигациялардын экинчи коомдук сунуштоосунун шарттары жана проспекти мамлекеттик каттоого алынды;
“Айыл Банк” ААК — энчилүү пайыздык облигациялардын жекече эмиссиядагы биринчи чыгарылышы мамлекеттик каттоого алынды;
“Мамлекеттик финансылык холдинг” ААК — жөнөкөй энчилүү акциялардын үчүнчү чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары мамлекеттик каттоого алынды;
“ШЭРП” ЖАК — жөнөкөй энчилүү акциялардын үчүнчү чыгарылышынын жыйынтыктары мамлекеттик каттоого алынды;
“Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы” ЖАК — энчилүү пайыздык облигациялардын жетинчи чыгарылышынын жана жайгаштыруусунун жыйынтыктары мамлекеттик каттоого алынды, ошондой эле жайгаштырылбаган энчилүү пайыздык облигациялар жокко чыгарылды;
“Тянь-Шань Фин Сервис” ЖЧК — мамлекеттик каттоо номерлери жокко чыгарылды.
2. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) төмөнкү юридикалык жактарга лицензиялар жана уруксаттар берди:
“Кондитердик үй ‘Куликовский’” ЖЧК — кызыктуруучу лотерея өткөрүүгө уруксат берилди;
“Альфа Ойл” ЖЧК — кызыктуруучу лотерея өткөрүүгө уруксат берилди;
“Алма Тек” ЖЧК — кызыктуруучу лотерея өткөрүүгө уруксат берилди;
“Абдыш-Ата” ЖЧК — “Открой сейф с Retro” кызыктуруучу лотереясын өткөрүүгө уруксат берилди;
“Би Пэй Кей Джи” ЖЧК — виртуалдык активдерди алмашуу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия берилди;
“Мерц Лизинг КГЗ” ЖЧК — лизинг ишин жүзөгө ашырууга лицензия берилди;
“Эф Пэй Кей Джи” ЖЧК — виртуалдык активдерди алмашуу оператору катары иш жүргүзүүгө лицензия берилди.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (Финкөзөмөл) финансы рыногунун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын так сактоону жана ишенимдүү, өз убагында берилген отчеттуулукту камсыздоону эскертет.




