23-сентябрь күнү Кыргыз Республикасында Мамлекеттик тил күнү белгиленет — бул улуттун биримдигинин, руханий байлыгынын жана маданий мурастын символу.
Кыргыз тили көз карандысыздык менен мамлекеттик түзүлүштүн негизин түзөт, ошондой эле жарандык макулдашуу жана эл аралык ынтымакты бекемдөө үчүн маанилүү курал болуп саналат.
Бул маанилүү күнү ар бир жарандан тилибизди сактап, өнүктүрүп, коомдогу ордун бекемдеп, келечек муундарга баалуу мурас катары өткөрүүнү өтүнөбүз.
Мамлекеттик тил күнүңүз менен!
Бул күнгө карата Финкөзөмөлдө кыргыз тилинин заманбап коомдогу ролу жана келечектеги мааниси тууралуу семинар өткөрүлдү.
Кыргыз тили күнүңүздөр менен!


