Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы (мындан ары –Мамфинкөзөмөл) Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 10-декабрындагы № 300 токтому менен бекитилген Мамфинкөзөмөл жөнүндө жобого ылайык, банктык эмес финансы рыногунун субъекттеринин ишин көзөмөлдөө жана жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча функцияларды жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган болуп саналат.
Мамфинкөзөмөл көзөмөлүндө турган уюмдар жана башка жактар Кыргыз Республикасынын кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын талаптарын аткарууга милдеттүү.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтында (www.fiu.gov.kg) “Тизмелер” бөлүмүндө террористтик жана экстремисттик ишке же массалык жок кылуучу куралдарды жайылтууга тиешеси бар адамдардын Эл аралык жана Улуттук тизмелери жайгаштырылган. Маалымат берүүчү жактар (лизинг компаниялары (уюмдары), ломбарддар, топтомо пенсиялык фонддор, кайра камсыздандыруу уюмдары жана брокерлер, баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, камсыздандыруу уюмдары (камсыздандыруучулар), камсыздандыруу брокерлери, товардык биржалар, виртуалдык активдер кызматтарын көрсөтүүчүлөр) кардарлар менен иштегенде бул тизмелерди колдонууга, ошондой эле бардык кардарларды жана алардын бенефициардык менчик ээлерин жогоруда көрсөтүлгөн Эл аралык жана
Тизмелер мезгил-мезгили менен жаңыланып турат, маалымат берүүчү жактар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын расмий сайтына жактар өз алдынча кирүүгө, тизмелердин акыркы жаңыланган варианттарын жетекчиликке алууга тийиш.